26.09.2019 12:40

Эльвира Сурабалдиева: Малахов бүтүндөй улутту кемсинтти

Эльвира Сурабалдиева: Малахов бүтүндөй улутту кемсинтти

Депутат Эльвира Сурабалдиева Твиттердеги баракчасында Андрей Малаховдун «Прямой эфир» көрсөтүүсүнүн кыргызстандык таксист катышкан жол кырсыгы талкууланган чуулгандуу чыгарылышына карата пикирин жазды. 

«Малахов жөн гана бой көтөрүп тим болбостон, бүтүндөй улут тууралуу эң жаман кемсинткен сөздөрдү айтты, муну менен ал биздин өлкөнү мазактады», — деп билдирди Сурабалдиева.

Ошондой эле, эл өкүлү Кыргызстан Россияны стратегиялык өнөктөш катары эсептей турганын, ал тургай орус тили Кыргызстанда расмий тил болуп саналаарын баса белгиледи. 

Сурабалдиева Малаховдун кыргызстандыктар жөнүндө айтканын шовинизмдин көрүнүшү катары эсептеди.

Эскерте кетсек,  24-сентябрь күнү орусиялык телеканалдардын биринен Андрей Малаховдун «Прямой эфир» көрсөтүүсү «Олигархтын уулунун өлүмү: кокустукпу же атайылап жасалганбы?» деген аталышта эфирге чыккан. Анда 2019-жылдын 8-июль күнү кыргызстандык таксист башкарып бараткан унаа менен кагышуудан каза тапкан россиялык миллиардер Александр Маруговдун уулу Владимир тууралуу сөз болгон.

Көрсөтүүнүн алып баруучусу Андрей Малахов талкуу учурунда бул жол кырсыгы кокустук эмес, буюртма киши өлтүрүү болушу мүмкүн экендигин айткан. Ошондой эле, 10 долларлык айлыкка иштеген кыргызстандыктар 100 миң доллар үчүн көп нерсеге даяр деген маанидеги сөздү кыйыткан.