12.12.2018 11:27

Эмчектеги баласы үчүн мас кошунасын тынчтыкка чакырган ата бычакталып каза тапты

Эмчектеги баласы үчүн мас кошунасын тынчтыкка чакырган ата бычакталып каза тапты

Сокулук районунун Новопавловка айылында мас кошунасын тынчтанууга чакырган жигит анын колунан каза тапты. Бул туурасында Чүй облустук ИИББден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 11-декабрда болуп өткөн. Новопавловка айылынын 34 жаштагы И.У. аттуу тургуну мас абалында үй-бүлөсүнө жаңжал салган. Ызы-чуудан улам, кошунасы келип, эмчектеги баласы бар экенин айтып, тынчтанууга чакырган. Экөө тиреше кеткен. Бир аздан кийин кылмышка шектүү кошунасынын эшигин кагып, көчөгө чыгууга чакырган. Маркум эшикти ачканда, мас абалындагы кошунасы ага бычак сайып жиберген.

Ичине жана көкүрөк тушуна бычак жеп каза тапкан адам 28 жаштагы Б.Т. аттуу тургун экени аныкталды.

Аталган факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү И.У. 94-берене менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иши уланууда.