01.11.2018 11:33

Эне эки жашар кызынын башын биттен арылтам деп жатып, өлтүрүп алды

Эне эки жашар кызынын башын биттен арылтам деп жатып, өлтүрүп алды

Казакстанда эне кызынын башын биттен арылтам деп жатып, өлтүрүп алды. Бул туурасында «Sputnik Казакстан» жазып чыкты. 

Окуя Алматы облусунун Талгар районундагы Туганбай айылында болгон. Эне биттеп кеткен эки баласынын башын тазалайм деп, ветеринарияда жаныбарларды мителерден арылтуу максатында колдонулуучу неоцидол препаратын сүйкөгөн. Эки бала тең ууланып, бири каза тапкан. 

«Апасы биттерди өлтүрүү үчүн неоцидолду сууга аралаштырып туруп эки баласынын башына сүйкөгөн. Мындан кийин дароо балдар кусуп, алы кетип, эс-учун жоготуп, ооздорунан көбүк чыгып баштаган», — деп билдиришкен дарыгерлер. 

5 жаштагы бала учурда жандандыруу бөлүмүндө, эки жаштагы кызы ооруканага келе электе эле каза тапкан.