04.06.2018 09:00

«Эне Тынчылык» коомдук бирикмесине 6 кийим тигүүчү машина белекке берилди

«Эне Тынчылык» коомдук бирикмесине 6 кийим тигүүчү машина белекке берилди

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин демилгеси менен түзүлгөн «Эне тынчылык» коомдук бирикмесине 6 даана заманбап кийим тигүүчү машина белекке берилди. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы  билдирди. 

«Эне Тынчылык» бирикмесинин жетекчиси Жылдыз Шаменованын айтымында, бул уюм 2004-жылы түзүлгөн. Максаты майып балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын үй-бүлөлөрүнө, колунда жокторго, кары-картаңдарга колдоо көрсөтүү. 

«30га жакын майып бала биздин кызматтан пайдаланат. Биз мастер класстарды өткөрүп, кол эмгекке үйрөтөбүз. Демөөрчүлөргө ырахмат. Эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин кийим тигип, акча табуу мүмкүнчүлүгү пайда болду», - деп билдирди  Жылдыз Шаменова.

Министр Таалайгүл Исакунова мындай балдардын ата-энелерине шаардык калкты жумуш менен камсыздоо башкармалыгы тигүүчүлүк кесипке окууга көмөктөшөөрүн билдирди. 

Демөөрчүлүк жардамды «Хьюмен Эппиэл Интернешнл» Эл аралык кайрымдуулук уюму  көрсөттү.