Энеси менен кызынын сөөгү бир керебетте табылды. Киши колдуу болушканбы?
Кара-Балта шаарындагы батирлердин биринен 2 аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-декабрда Жайыл РИИБге каза болгон аядар тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө тобу барышкан. Аялдардын денелеринде эч кандай зомбулуктун белгилери табылган жок.
Билдирүүгө ылайык, 71 жаштагы үй ээси жана 40 жаштагы кызы каза болгон.
Алдын ала маалыматка таянсак, аялдардын сөөгүн кошунасы биринчилерден болуп көргөн. Ал байланышка чыкпаган кошуналарына зыяратка келген.
Батирден кат табылган, анда алар өз өмүрүн кыя турганын жана буга эч кимди күнөөлөбөгүлө деп жазышкан. Жада калса батирди кимге таштап жатышкандарын жана акыркы сапарга узатаарда кайсы кийимдерди кийгизиш керектигин катка калтырып кетишкендиги айтылат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: