03.12.2018 09:00

Эрмек Окенов: «Атамбаевсиз - КСДП» кыймылына бийлик жардам берип жатат

Эрмек Окенов: «Атамбаевсиз - КСДП» кыймылына бийлик жардам берип жатат

«Атамбаевсиз - КСДП» кыймылынын чогулуштары мыйзамсыз өтүп жатат. Мындай оюн Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина аталган кыймылдын ушул аптада Свердлов районунда өткөн жыйынында билдирген. Депутат чогулгандардан партбилеттерин талап кылганда, алар ызы-чуу көтөрүшкөн. Сагынбек Абдрахманов аттуу жаран аталган кыймылды жетектеп, жыйындар акырындык менен мамлекеттик мекемелерге көчө баштады. Бул жерде кимдин көлөкөсү көрүнүп турганы айдан ачык болуп калды окшойт. Бул маселени талкуулоо үчүн «Апрель» телеканалынын «Жаңылыктар кечинде» конокто Социал-демократтар партиясынын Катчылыгынын өкүлү - Эрмек Окенов. 

– Саламатсызбы! «Атамбаевсиз - КСДП» кыймылынын акыркы жыйынында Ирина Карамушкинанын катышуучулардан партбилеттерди талап кылышына эмне себеп болду? Же сиздерде бул жыйындарга партияга тиешеси жок адамдар катышып жатат деген маалыматтар барбы? 

– Саламатсыздарбы! Ооба, бул биринчи жыйын эмес. Мындай жыйындарга кимдер катышып жатканын биз көрүп-билип эле жатабыз. Жыйынга катышкандар партиянын мүчөсү эмес, ар кай жактан топтоп алып келгендер. Айрымдарын акчага алып келип жатышат, кээ бир кызматтагы адамдар жүрөт.  Ысык-Көлдө болгон конференциясында «Ата Мекен», «Республика» партияларынын мүчөлөрү, ошол эле Данияр Тербишалиев, Эркингүл Иманкожоева сыяктуулар жүрдү. Арасында мурун КСДПнын мүчөсү болуп, кийин катарынан чыгарылган адамдар да бар. Ирина Карамушкинанын партбилет сураганы туура. Анткени, жыйынга катышып жаткан ар бир адамда партбилет болуш керек. Ал эми жыйын өткөрүү боюнча айтсак. Жыйынды ким чакыра алат? Жыйынды партиянын катчылыгы, Саясий кеңеши, анан ошол райондун координатору гана чакыра алат. Тилекке каршы, бул жыйында координаторду киргизбей коюшту. Мен өзүм да жүрдүм ал жерде, киргизишкен жок. Ызы-чууну каалабай, тынч өткөрүп алалы деген максаттабы, бирок, алардын максаты түшүнүксүз болуп калды. КСДПнын жыйыны деп, бирок, чоочун адамдардын баарын топтоп алышкан. 

– Чогулуш мыйзамсыз деп аталды. Мындай легитимсиз жыйындарга кандай чара көрсө болот?

– Башында биз маани бербей, тим койгонбуз. Бирок, партияны эки жаат кылып бөлүп-жарып жатышкандыктан биз жыйындарын барып көрөлүчү, максаттарын түшүнөлү дегенбиз. Ачыгын айтсак, бул калпычылардын эле конференциясы болуп жатат. Сагынбек Абдрахманов ким өзү? Ал киши партиядан 2017-жылы Саясий кеңештин чечими менен чыгарылган. Былтыркы президенттик шайлоонун алдында партиянын атынан бирдиктүү талапкер катары учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду көрсөткөнбүз. Саясий кеңештин ошол чечимине каршы чыгып, ошол эле Сооронбай Жээнбековго каршы чыгып, мен дагы президенттикке талапкер болуп барам деп Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өткөн. Мындай кадамы менен партиянын Уставын бузуп, анын негизинде партиядан чыгарылган. Мына ошол адам бүгүн кайра бир кезде каршы болгон адамдын тарабына өтүп алып, Атамбаевге каршы иштеп жатат. Муну биз түшүнбөй турабыз. Болгону элди бөлүп-жарып, элге туура эмес маалымат жеткирип жатышат. Карапайым эл түшүнбөй, эмне болуп жатканыбызды сурап жатышат. Акыркы алты жылдан бери тынчтык орноп калганда, азыр кайра эл кимге ишенерин билбей калды. Учурдан пайдаланып партия мүчөлөрүнө айта кетет элем, сиздерди  КСДПнын жыйыны деп чакырып жатышкан менен, алардын максаты -  башка. Караколдо мисалы, ошондой болду. Чыккандан кийин бизди Абдрахманов КСДПнын конференциясы деп чакырды эле дешти. Абдрахманов аларды мурунку КСДПга таарынып кетип калган координаторлордун жардамы менен, жергиликтүү бийликтин жардамы менен чакырып жатат.  Партия деген бул коомдук уюм, бийлик кийлигишпеш керек эле, бирок, жергиликтүү бийликти да кошуп атышат.  Карапайым адамдарды алдоо жолу менен, элди эки анжы кылуу үчүн чакырып жатышат да. Ошон үчүн Ирина Карамушкинанын партбилет талап кылганы туура. Ирина Карамушкина мыйзамдуу түрдө партиянын Бишкек шаарындагы координатору болуп шайланган. Аны шайлап жатканда жыйынга Бишкектин төрт районунан делегаттар шайланып келип, талапкер катары көрсөтүлгөн Ирина Карамушкинаны колдоп беришкен. КСДПнын Бишкек шаарындагы координатору катары партиянын атынан кайсы жерде, эмне иш чара болбосун катышууга толук укугу бар. 

– Бул кыймылдын артында азыркы бийлик турат. Партияны ыдыратуу максаты көздөлүүдө  дегендер болуп атат. Анан акыркы жолу ошол эле Карамушкинка «рейдерлик басып алуу аракети» деп сыпаттады. Сиздер буга кандай дейсиздер, дегеле кыймылдын максаты эмне болуп жатат? 

– Рейдерлик басып алуу дегенге мен да кошулам. Эмнеге дегенде ошол эле Абдрахманов, Тербишалиев ушунчалык кыйын, эл сыйлаган адамдар болсо, жеке партия ачып алып чыга беришпейби? Эмнеге дал ушул биздин Социал-демократтар партиясына көз артып атышат? Булардын артында чоң күчтөр турат деп эл арасында деле айтылып атат. Абдрахманов өзү ЖМКларга Асылбек Жээнбековдун атын атап берди.  Анын колдоп жатканын айтты. Ысык-Көлдөгү жалган жыйындын катышуучуларын Жогорку Кеңештин депутаты, азыр фракциядан чыгарылган Иса Өмүркулов кабыл алып атат. Булардын максаты -партияны алсыратуу.  Партия аркылуу Атамбаевге кандайдыр-бир сокку уруу. Бирок, КСДПда булардан башка миңдеген мүчөлөр бар. Алар мындай бузукулукка жол бербейт. Мына, бизге элдер чалып атышат, келип атышат, биз эмне отура беребизби, каршы чыкпайлыбы  деп жатышат. Бирок, бул кыймылдын көздөгөнү ушул - провокация кылып, элди чыгаруу. Карамушкинага окшоп, дагы ондогон аялдар келип ызы-чуу кылсын деп жатышат. Ал жакка барган аялдарды ОБОН дешти бая күнү. Алар ОБОН эмес, Свердлов районундагы партия мүчөлөрү, жанында партбилеттери менен барган, мына ошолорду кийирбей, партияга тиешеси жокторду кийирип атпайбы. Мен канча конференциясын көрдүм, ачык эле айта алам, бийлик буларга жардам берип жатат. Муну жашырганда деле эл көрүп турат. Булардын жыйындары жергиликтүү бийликтин карамагындагы мекемелерде өтүп жатат. Мисалы, бүгүн Ленин районунда темир жолчулардын клубу деп коет экен, ошол жерге өткөрүүнү максат кылып жатышкан, анысы болбой калыптыр. Эл чогулта албай коюштубу, же эл дагы өткөндөгүнү көрүп, барбай эле коюш керек деген чечимге келип калыштыбы... 

– Ит үрө берет, кербен жүрө берет деген сөз бар эмеспи. Анын сыңары, партияда өзүнүн пландары бар болсо керек? 

– Албетте, биздин партия кечээ, же 1-2 жыл мурун ачылган партия эмес. Канча шайлоону башынан өткөргөн, тарыхы бар партия.  Азыр «Атамбаевсиз - КСДП» кыймылын «жашыруун» колдоп жаткан адамдар дагы биздин партиядан чыккан адамдар. Ушул КСДПнын арты менен азыркы кызматына жетип, ошол жерде отурушат. Бирок, мени бир нерсе –  улуу агалардын күн кайдан тийсе, ошол жакка карап кете бергени өкүндүрөт. Бизге жаштарга жаман жагынан үлгү болуп, өздөрүн туура эмес жагынан көрсөтүп жатышат. КСДПнын келечеги тууралуу айтсак. Өзүм жаш болгондон кийин  жаштар тууралуу айтайын, биздин катарга жигердүү жаштар келип кошулуп жатат. Азыркы учурда тазалануу болуп, Абдрахмановго окшогондор биротоло чыгып кетсе деп турабыз. Бир чети, Абдрахмановдун жыйынынын пайдасы тийип жатат, бизге кереги жок адамдарды чыгарып кетип жатышат. Саясий кеңештин акыркы отурумунда келаткан жылы 6-апрелде партиянын съезди болот деп белгиленди. Ошол съездде биз акыркы чечимдерди кабыл алып, чыгарчуларды партиянын катарынан чыгарып, буюрса, азыр жаңы партбилеттерди берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Орусча айтканда, «Все к лучшему». Абдрахманов - кичинекей эле фигура. Анын артында турган күчтөр башка. Эфирден пайдаланып айта кетет элем, урматтуу партиялаштар, биздин катарыбызда көп жылдан бери жүргөндөр, сиздер алданбаңыздар. Эртеңки күнү Абдрахманов, Тербишалиев сыяктуу саткындардын партиясынын катарында болуп калбаңыздар. Бул күн да өтө, КСДП мындан да жаман күндөрдөн өткөн. Бүгүн эле чыга калып, КСДПны жок кылабыз, бөлүп-жарабыз дегендердин максаттары эч качан ишке ашпайт. Муну убакыт тастыктайт. Мен буга бөркүмдөй ишенем. Абдрахмановго окшогон немелердин конференцияларына барбай эле коюңуздар. Жөн эле келип бергиле, катышып бергиле дешет экен. Келгенден кийин «бул катышып кетти, бизди колдойт» экен деп, аларды колдогон адамдардын катарына кирип калып жатасыздар. Эртеңки күнү ошол Абдрахмановдун катарында болуп калбаңыздар. 

–Чоң рахмат.