20.03.2019 17:39

Эр-Риядда Этнооюндар дүйнөлүк конфедерациясынын эл аралык Конгресси өтүүдө

Эр-Риядда Этнооюндар дүйнөлүк конфедерациясынын эл аралык Конгресси өтүүдө

Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында бүгүн, 20-мартта Этнооюндар дүйнөлүк конфедерациясынын эл аралык Конгресси жүрүп жатат. Бул туурасында аталган конфедерациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Конгресстин ишине 73 мамлекеттен жүз жыйырмадан ашык өкүл катышууда. Алар этномаданияттын, этноискусствонун, этноспорттук кыймылдын, илимдин жана билим берүүнүн өкүлдөрү.  

«Конгресстин башкы максаты  – ааламдашуу шартында этномаданияттын ордун жана ролун аныктоо, талкуулоо жолу менен бирдиктүү чечим кабыл алуу, адамдык цивилизациянын маданий-тарыхый мурасынын кайра жаралышына, сакталышына жана өнүгүшүнө көмөктөшүү», -деп билдиришет конфедерациядан.

Этнооюндар дүйнөлүк конфедерациясынын президенти Асхат Акибаев өз сөзүндө учурда жүрүп аткан Конгресс маданий-тарыхый мурастардын сакталышы жана өнүгүшүнө салым кошууга башат болуп бере алаарына үмүт артты.