12.03.2019 16:34

Эр-Риядда тогуз коргоол боюнча экинчи тур жыйынтыкталды: фоторепортаж

Эр-Риядда тогуз коргоол боюнча экинчи тур жыйынтыкталды: фоторепортаж

Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында бул күндөрү «NomadUniverse» этнофестивалынын алкагында спорттун  интеллектуалдук түрлөрү боюнча мелдештер өтүүдө. Бул туурасында  Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясынан билдиришти. 

Бардыгы 35 өлкөдөн 59 спортчу катышууда. Алардын жыйырма сегизи -  эркектер, отуз бири -аялдар. Этнофестивалга Африкадан - 15 өлкө, Азиядан - 13, Европадан - 5, Түндүк Америкадан - 2 мамлекет катышып жатат. 

Таймаш швейцариялык система менен өтүүдө. Бүгүн тогуз коргоол боюнча 2-тур аяктады. Анын  жыйынтыгы менен тогуз коргоол боюнча Пакистан, Өзбекстан, АКШ, Чехия жана Кыргыз Республикасынан барган спортчулар алдыда бара жатышат. Бардыгы 7 тур болот.

Овари боюнча Гана, Кабо Верде, Уганда, Улуу Британия жана Кыргызстандын спортчулары алдыда.

Катышуучулардын арасында Көчмөндөр оюндарынын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү: Анарбек Жамакеев (КР), Акругу Гордон (Гана), Европа чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундардын ээлери Радка Незвалова (Чехия) жана Алена Максимова (Украина) бар.

Акыркы тур 17-мартта болот.