05.05.2020 19:31

Эртең, 6-майда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму өтөт

Эртең, 6-майда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму өтөт

Эртең, 6-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саат 10:00дө Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү өтөт.

Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, экс-президент отурумга катышуу ниетин азырынча билдире элек, анткени эртең мененкиси анын кан басымы төмөн болот.

«Эгер эртең кайталана турган болсо, кан басымы дагы эле төмөн болсо, аны процесске алып келишпейт», -деди жактоочу.

Эске салсак, өткөн сот отурумун айрым жактоочулардын келбей калганына байланыштуу жылдырганга туура келген. Бишкекте өзгөчө абал режими күчүндө болгондуктан, укук коргоочулардын баары эле райондук сотттун имаратына келүүгө мүмкүнчүлүгү жок.

Белгилей кетсек,  7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анын алкагында 14 кишиге айып тагылган. Алардын катарында мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбеку Мискенбаев, Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, Канат Сагымбаев жана Фархат Баабиев бар.