10.05.2020 17:44

Эртең Бишкекте автобус, троллейбустар жүрүп баштайбы?

Эртең Бишкекте автобус, троллейбустар жүрүп баштайбы?

Бүгүн, 10-майда коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйыны өтүп, коомдук транспорттун ишин жандандыруу маселеси талкууланды.

Жыйында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү коомдук унаалардын ишке чыгуусуна каршы чыгышты. Алардын айтымында, коомдук транспорт ичиндеги жүрчүлөрдүн тыгыны жарала турган болсо коркунучтуу вирустун жайылуу коркунучу жаралат. Ошол себептен азырынча таксиге гана уруксат берилгени айтылды.

«Коомдук транспорт азырынча киргизилбейт. Анын ичинде троллейбус, автобус жана кичи автобустарга уруксат жок. COVID-19 инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктери пайда болушу ыктымал, мындан улам бул этап өзгөчө мааниге ээ. Ошого жараша санитардык талаптарды так сактоо менен бирге, социалдык аралыктын принциптери катуу тартипте көзөмөлгө алынат», - деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Буга чейин, экономикалык ишмердүүлүктүн этабы менен жандануусунун алкагында 11-майдан тартып автобус жана троллейбустар иштеп баштаары айтылган.

Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 1002 кишиге жетти. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 675 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 12 адам көз жумган.