01.08.2018 13:48

Эртеңи күмөн Эңилчек айылы

Ысык-Көл облусундагы Эңилчек айылын убагында Совет бийлиги камкордугуна алып, жергиликтүү калктын көзүн карап турушкан. 15 өлкөнү кучагына батырып өлбөс сезилген СССРдин кулашы, аймактагы өндүрүштүн токтоосуна алып келген.

Жыйынтыгында жашоосу кен чыгарган комбинаттан көз каранды болгон айылдыктардын айласы кетип, кичи мекенин таштап кетүүгө мажбур болушту. Миңдеген геологдордун башын бириктирген айылда бүгүн саналуу гана түтүн калган. Эртеңи күмөн Эңилчек айылы тууралуу биздин кабарчылар ашуу ашып, суу кечип барып таанышып келишти.