07.02.2019 14:32

Эсеп палатасынын кызматкери Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебинен Италияга барып эс алып келген

Эсеп палатасынын кызматкери Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебинен Италияга барып эс алып келген

Эсеп палатасынын кызматкери Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебинен Италияга барып, эс алып келген, деп билдиришти Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан.

Белгилүү болгондой, 2017-жылы Эсеп палатасынын жогорку кызматтагы адамдары Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги 2016-жыл аралыгындагы чыгымдар боюнча аудит жүргүзүшкөн. 

Ошол эле жылдын 28-августунда министрликтин жана Эсеп палатасынын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан пайдаланып, «Ден соолук-2» программасынын алкагында саламаттыкты сактоо тармагындагы адистерди окутуу каралганына карабастан, аудит жүргүзүп жаткан башкы инспекторду министрликтин каражатына мыйзамсыз түрдө Италиянын Турин шаарына жөнөткөн. Бул учурда аудит жүргүзүү аяктай элек болгон.

«Анын жыйынтыгында республикалык бюджеттен 459 миң 829 сом негизсиз пайдаланылган. Буга катыштыгы бар кызмат адамдардын аракеттери Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин негизинде каралып, ишти тергөө үчүн материалдар УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди», - деп жазылат маалыматта.