31.05.2019 11:17

Эскертүүчү окту тоотпой коюшкан. Кыргыз-өзбек чек арасында коңшу өлкө жараны жаракат алды

Эскертүүчү окту тоотпой коюшкан. Кыргыз-өзбек чек арасында коңшу өлкө жараны жаракат алды

Бүгүн, 31-майда Ош облусунун Араван районунун Тогуз-Булак тилкесине жаңжал чыгып, курал колдонулду. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Алдын ала маалыматка караганда, чек ара кезмети чек арага жакын жерден Өзбекстанга таандык эки унааны байкашкан.  Унаа ээлери чек арачылардын машинаны токтотуу талабын тоотпой, айдап келе беришкен. Мындан улам, асманга эскертүүчү ок атылган. Автоунаалар мында да токтобогондуктан, чек арачылар унаанын дөңгөлөгүн көздөй ок чыгарууга мажбур болушкан.

Октон бир өзбек жараны жаракат алды. Ал өз өлкөсүндөгү Мархамат райондук ооруканасына жеткирилди.  

Учурда жагдайды териштирүү үчүн Ош облусунун чек ара өкүлү менен Өзбекстан чек ара өкүлүнүн жолугушуусу өтүп жатат.