18.06.2019 13:28

Евгения Строкова: Экс-президенттин кол тийбестигин алууну караган комиссияда арты таза эмес адамдар отурат

Евгения Строкова: Экс-президенттин кол тийбестигин алууну караган комиссияда арты таза эмес адамдар отурат

Жогорку Кеңештин атайын комиссиясындагы айрым адамдардын мурдагы жоруктары үчүн комиссия сынга кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу депутаттык комиссиянын жыйынында анын мүчөсү Евгения Строкова билдирди.

«Биздин мойнубузда оор жүк турат. Алгач экс-президенттин бул кылмыштарга канчалык тийиштиги бар экенин карап, андан соң «экс» макамын алуу маселесин карасак моралдык жактан туура болмок. Себеби баары жакшы болуп турса, эч нерсе катталбаса, «экс» макамын алып салууга негиз жок болуп калат да. Мыйзам чегинде иш алып баруу үчүн туура кадамды кантип жасаш керек?» — деп суроо салды Строкова.

«Бир нерсе айтайын, баарыңарга жакпашы мүмкүн. Комиссиянын дарегине да терс сөздөр айтылат, анткени арабызда арты таза эмес адамдар отурат. Келгиле, кийин туура эмес чечимибиз үчүн жоопкерчиликке тартылып калбагыдай иш жасайлы», — деп кошумчалады эл өкүлү.