18.12.2018 09:56

«Эйр Манас» авиакомпаниясы Бишкек-Ош-Бишкек аба каттамдарын убактылуу токтотту

«Эйр Манас» авиакомпаниясы Бишкек-Ош-Бишкек аба каттамдарын убактылуу токтотту

«Эйр Манас» авиакомпаниясы Бишкек-Ош-Бишкек аба каттамдарын 23-декабрга чейин токтотту. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 193_194, 195_196, 197_198 каттамдары өндүрүштүк себептерден улам убактылуу токтотулду. 

Андан тышкары 201-202-каттамы 13-январга чейин токтотулган.