25.05.2018 16:49

Эң аз убакытты алган эл аралык аба каттамы иштеп баштады

Эң аз убакытты алган эл аралык аба каттамы иштеп баштады

Aruba Airlines авиакомпаниясы Аруба аралы менен (Нидерланды)  Венесуэланын Пунто Фиджо шаарынын ортосунда үзгүлтүксүз учуучу эл аралык каттамын ачты. Учуу 8 мүнөткө созулат. Бул туурасында  Travel and Leisure журналы билдирди.

Аба каттамы жумасына 2 ирет ишке ашырылып, билет баасы 200 доллардан башталат.  

Буга чейин эң кыска эл аралык аба каттамы  Германия менен Швейцариянын ортосунда ачылып, ал дагы 8 мүнөттүк убакытты алчу. Бирок, жүргүнчүлөрдүн аздыгынан токтотулган.