03.05.2020 14:55

Дубай-Бишкек авиакаттамы менен 180 кыргызстандык мекенине кайтты

Дубай-Бишкек авиакаттамы менен 180 кыргызстандык мекенине кайтты

“Манас” эл аралык аэропортунда 3-майда «Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек чартердик рейсин тосуп алышты. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады. 

Кыргызстандын 180 жараны мекенине кайтты.

Коопсуздукту сактоо үчүн бардык жүргүнчүлөр аэропорттун перронунда тейленүүдө, андан соӊ алар обсервацияга жөнөтүлөт.