20.03.2019 14:26

Эң бактылуу мамлекеттер тизмеси. Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан акыркы орунду ээледи

Эң бактылуу мамлекеттер тизмеси. Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан акыркы орунду ээледи

Дүйнөнүн эң бактылуу мамлекеттеринин тизмесинде Өзбекстан 50-сапта туруп, Орто Азия мамлекеттеринин арасынан алдыга суурулуп чыккан. Андан кийинки орунда Казакстан - 60-орунда жана Түркмөнстан–-68-орунда.

Тажикстан 80-орунду ээлесе, Кыргызстан 92-сапка туура келген. Бул туурасында БУУнун туруктуу өнүгүүнүн жолдорун издөө бөлүмү жыл сайын жарыялоочу Бактылуулук тууралуу дүйнөлүк докладында (World Happiness Report) айтылат. 

Тизменин сап башын Финляндия ээлеген. Эң бактылуу мамлекеттер ондугуна ошондой эле, Норвегия, Дания, Исландия, Швейцария, Нидерланды, Канада, Новая Зеландия, Швеция жана Австралия кирген.

Тизменин эң ылдыйында Коморы, Кот-д’Ивуар, Руанда, Того жана Сирия турат. Бардыгы болуп, рейтингге 117 мамлекет кирген. 

Баалоо критерийи катарында 6 фактор алынган: жан башына ИДП, жашоонун узактыгы, марттык, социалдык колдоо,ошондой эле маанилүү чечим кабыл алууда эркиндиктин жана коррупциянын таасири. Ар бир көрсөткүч 10 баллдык шкала менен эсептелип, мамлекеттер  үчүн орточо балл чыгарылат.