05.07.2019 11:48

Эңилчек жайлоосунда эки адам өлтүрүлүп, бир аял барымтага алынды

Эңилчек жайлоосунда эки адам өлтүрүлүп, бир аял барымтага алынды

Эңилчек жайлоосунда эки адамды өлтүрүп, бир аялды барымтага алган жаранды кармоо операциясы жүрүүдө. Бул туурасында ИИМден билдиришти.

2019-жылдын 4-июлунда болжол менен саат 12:20 чамасында Ак-Суу райондук милициясына телефон чалуу болуп, Каракол шаарындагы чек-ара кызматынын аскер бѳлүгүнөн белгисиз адам сырт ѳрѳѳнүндѳгү Эңгилчек жайлоосунда жайгашкан «Хан-Теңири» альпинисттик лагердин башчысынын орун басары 1970-жылы туулган А. Д. аттууну атып салгандыгы жөнүндө билдирген.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, териштирүү учурунда «Хан-Теңири» лагеринде кароолчу болуп иштеген Түп айылынын 29 жаштагы тургуну Сергей Смирнов «Вепрь» үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип, «Хан-Теңири» лагердин башчысынын орун басары 48 жаштагы А. Дны төшүнө жана ошол эле жерден ар кандай жумушта иштеген Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну М. Кны ич тарапка аткандыгы аныкталган.

Ашканада тамактанып отурган жылкычы, Түп районунун Тасма айылынын 33 жаштагы тургуну И. У.  Сергейди кармоо аракетин көргөн учурда, анын колун бычак менен кесип жиберген. Жылкычы качып кутулуп кеткен. 

Лагердин башчысынын орун басары окуя болгон жерден каза болгон, ал эми М.К. чек ара заставасына медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып бара жаткан учурда жолдон каза болгон. Сергей Смирнов адамдарды атып өлтүргөндөн кийин, ошол жерде чумага каршы мекемесинде иштеген, Каракол шаарынын 48 жаштагы тургуну Л. И. атууну барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки ѳндүрүш иши башталды. Азыркы учурда милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүү Смирнов Сергейди кармоо жана Л.И. аттууну барымтадан бошотуу максатында атайын ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдѳ. Кылмыш турмуштук жагдайлардан улам чыккандыгы аныкталган. Окуя болгон жерге Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов барып, кылмышкерди ыкчам-издөө жана кармоо иш-чараларына жетекчилик кылууда.