23.08.2018 12:09

Facebook колдонуучуларынын ишенимдүүлүгүн баалап баштайт

Facebook колдонуучуларынын ишенимдүүлүгүн баалап баштайт

Facebook социалдык түйүнү колдонуучулардын аброюн баалай турган тутумду ишке киргизди. Тутум интернет колдонуучулардын ишенимдүүлүгүнүн деңгээлин бирден нөлгө чейин баалайт. Бул туурасында The Washington Post билдирди. 

Басылманын маалыматына караганда, социалдык түйүн бул жаңычылдыкты киргизүүнүн үстүнөн бир жылдан бери иштеп келаткан. Компаниянын туура эмес маалыматтар менен күрөшүүчү менеджери Тесса Лионстун айтымында, баалоо тутуму Facebook түйүнүндөгү «фейк» жаңылыктар менен күрөшүү үчүн киргизилди..

Компаниянын билдиргенине караганда, мурда туура эмес маалыматтар жөнүндө колдонуучулар өздөру билдирип турушчу. Бирок, учурда социалдык түйүн адамдарга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берип койгондуктан, колдонуучулардан ката же туура эмес арыздануулар түшкөн учурлар көбөйдү. 

Фейсбуктагы жалган маалыматтар менен күрөшүүгө 4,5 миллион сом бөлүнгөн. Компания каражатты басылмаларды колдоого жумшоону пландоодо. 

.