02.09.2019 16:16

FactCheck.kg: Алмазбек Атамбаев Венера Жуматаевага үй белек кылды беле?

FactCheck.kg: Алмазбек Атамбаев Венера Жуматаевага үй белек кылды беле?

Социалдык тармактарда Алмазбек Атамбаев «Азаттыктын» Борбор Азия боюнча аймактык директорунун милдетин аткаруучу Венера Жуматаевага Бишкектин элиталык районунан үй сатып бергени тууралуу видео тасма тарап жатат.   

FactCheck.kg сайты бул маалыматтын чын-бышыгын иликтеп көрүп, үйдү Жуматаевага экс-президент белек кылганына далил тапкан жок. 

Анда сайттын иликтөөсүн толугу менен беребиз:  

Видеороликте аты-жөнү айтылбаган автор «Атамбаев «Азаттыкты колдонуп жатабы»?» - деп суроо салат. Андан ары: «Атамбаев «Азаттык» радиосунун Прагадагы директору Венера Жуматаеваны сатып алды» деген ырастоо кетет. 

Тасмада экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан сатылып алынган делген үйдүн дареги көрсөтүлгөн – Бакаев көчөсү, 146 б. 

Окуянын чоо-жайы

Буга чейин айрым коомдук ишмерлер Эркин Европа радиосу/ Азаттык радиосунун президенти Жейми Флайдын атына ачык кат жолдошуп, «Азаттыктын» кыргыз редакциясынын ишмердүүлүгүн текшерүүнү суранышкан. 

Венера Жуматаева 2001-жылдан бери Прагада жашап, «Радио Свобода» үналгысынын башкы кеңсесинде иштейт, 2010-жылдан бери «Азаттыктын» кыргыз кызматын жетектеп келет.

Кимдин үйү?

Тасмада көрсөтүлгөн даректе иш жүзүндө 3 даана кыймылсыз мүлк жайгашкан, тактап айтканда, Бакаев көчөсү, 146 дарегиндеги үй үчкө бөлүнүп, ар биринин өз ээси жана өз номери бар: 

  • Бакаев, 146;
  • Бакаев, 146 а;
  • Бакаев, 146 б.

Акыркы объект чынында эле Венера Жуматаеванын уулу Эрмекке катталган. Роликте айтылган маалыматты кадастр кызматынан алынган көчүрмө далилдеп турат. 

Жуматаев Эрмек Съезбекович Beeline уюлдук компаниясында маркетингдик байланыштар бөлүмүн жетектеген, ошондой эле, USAID уюмунда коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн координатору болуп иштейт. Бул маалымат анын Фейсбуктагы профилинде көрсөтүлгөн.  

Кыймылсыз мүлк макулдашуу менен сатылып алынган, бул туурасында Кадастрдык кызматтан алынган маалымкат бар. Белекке берилген болсо, документтерде тиешелүү жазуу болмок.  

Үйдүн калган эки бөлүгү башка адамдарга тиешелүү: Бакаев, 146 – Асанкулова Алина Акылбековнага. 

Үчүнчү бөлүгү – Бакаев, 146 а – Орозалиевай Гүлсагира Онолбековнага. 

Үйдүн наркы

Тарап жаткан тасмада хансарай $360 миң тураары айтылат. Бирок Эрмек Жуматаевге үйдүн үчтөн бир бөлүгү гана тиешелүү. Муну жана кыймылсыз мүлк жайгашкан районду эске алып, болжолдуу наркын эсептесе болот. 

«Ваш эксперт» баалап берүүчү компаниясы Factchek редакциясынын өтүнүчү менен мүлктүн наркын чыгарып берген. Эксперттердин айтымында, бул райондо үйдүн чарчы метри $710-870 турат. 

Бүт үйдүн аянтын эске алганда, чындап эле $360 миң турушу мүмкүн. Бирок Жуматаевге таандык бөлүгү болжол менен 135 миң доллар болот.  

Үй лоялдуулук үчүн белекке берилгенби? 

Тасмада айтылган бул пунктту далилдеш баарынан кыйыны болду. Бирок документтерде көрүнүп тургандай, Эрмек Жуматаев 2015-жылдын 19-майында эле үйдүн курулушуна үлүштүк катышуу тууралуу келишим түзгөн экен. 2016-жылдын сентябрында гана жеке менчикке болгон укук тууралуу мамлекеттик акты алган. 

Тасмада Алмазбек Атамбаев «Азаттыктын» аймактык директору Венера Жуматаеванын өзүнө каршы үн катпастыгын сатып алган деп ырасталат.  

2017-жылдын мартында мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын коргоо боюнча бир нече ЖМКны сотко берген, алардын арасында «Азаттык» да болгон. Доо арызда 10 миллион сом өндүрүп берүү каралган. Ага «Ата Мекен» партиясынын юристтери өткөргөн маалымат жыйындан жасалган материал себеп болгон. Анда юристтер Дача Суга кулаган учактагы жүк Атамбаевге таандык деп жарыялашкан эле. 

Медиакоомчулук мурунку президентти доо арыздарын кайтарып алууга үндөшкөн. Бирок ал кулак салган эмес. Кийин «Радио Свобода» медиакорпорациясынын ошол кездеги башчысы Томас Кент менен жолуккандан кийин гана Алмазбек Атамбаев «Башкы прокуратурага доо арызын кайра алууну сунуштаган». Бул 2017-жылдын майы айында болгон.  

Алмазбек Атамбаев доо арыз бергенге чейин ( 2017-жылдын жазына чейин) «Азаттык» радиосуна эч кандай доосу болгон эмес, болсо да, ачыкка чыгарган эмес. Мындай учурда 2015-жылдын май айында үйдү белек кылып, кайра 2017-жылы 10 миллиондук доого жыгуу - тасма авторлорунун лоялдуулукту сатып алуу теориясына жатпай калууда. «Азаттыктын» Алмазбек Атамбаевдин ошол кездеги эң каардуу каршылашы Өмүрбек Текебаевдин юристтеринин материалын жарыялашы дагы. 

Корутунду:

- Венера Жуматаеванын уулунун Бакаев көчөсү, 146 б дарегинде үйү бары  – ЧЫНДЫК;

- Жуматаеванын уулунун үйүнүн наркы тууралуу маалымат - ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ ЧЫНДЫК. Хансарай чынында  $360 миң турган менен, Эрмек Жуматаевге таандык бөлүгү  болжол менен 135 миң доллар турат;

- Үй Венера Жуматаевага лоялдуулукту сакташы үчүн берилген деген маалымат  – ДАЛИЛИ ЖОК. Эгер Алмазбек Атамбаев аймактык директордун лоялдуулуугун сатып алган болсо, анда 2017-жылы «Азаттыкка» Дача СУга кулаган учак тууралуу материал чыкпайт эле жана миллиондогон сомго айыпка жыгылбайт эле.