14.01.2020 12:12

Factcheck.kg порталынын башкы редакторуна кол салды деген шек менен төрт жаран кармалды

Factcheck.kg порталынын башкы редакторуна кол салды деген шек менен төрт жаран кармалды

«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировду сабаган деген шек менен төрт киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Темировго кол салган деген төрт шектүүнү кармаган. Баары тең Жалал-Абад облусунда туулган 26 жаштагы Д.Б., Б.А., 27 жаштагы Ж.Э. жана 25 жаштагы О.А.

«Шектүүлөр шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп билдиришти ИИМден.

Кармалгандар Жазык кодексинин «Адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо» беренеси боюнча айыпталышууда.

Милиция азыркы учурда кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө амалдары уланып жатканын, тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн аракетине кошумча юридикалык баа берилерин кабарлады.

«FactCheck» порталынын редактору Болот Темировго 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабак кетишкен. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда.