23.05.2020 12:09

Болот Темировго кол салуу. Айыпталуучулар камакта калтырылды

Болот Темировго кол салуу. Айыпталуучулар камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Factcheck.kg порталынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу боюнча соттук отурум уланууда.

 Жабырлануучунун жактоочусу Тимур Султанов 24.kg агенттигине билдиргендей, соттук отурум учурунда айыпталуучунун адвокаты баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган.

«Сот тараптардын пикирин угуп, адвокаттын өтүнүчүн канаттандырган жок.  Айыпталуучунун жактоочусу иштин материалы менен таанышып чыгууга убакыт сурагандыктан, сот отуруму 18-июнга жылдырылды ”, - деди Тимур Султанов.

Эске салсак, 9-январда белгисиз адамдар Темировго кол салышкан.  Аны ур-токмокко алып, уюлдук телефонун алып кетишкен. Журналист өзү кол салуу фактыны коркутуу аракети катары баалайт.  Дарыгерлер ага мээси чайкалган деген диагноз коюшкан. Милиция ур-токмокко алуу фактысын бир суткадан кийин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Кылмышка шектүү төрт адам кармалган.  Аларга "Бейбаштык" жана "Уурулук" беренелери боюнча айып тагылууда.