10.01.2020 16:35

Кыргызстандагы АКШнын элчилиги журналистке болгон кол салуу боюнча пикирин билдирди

Кыргызстандагы АКШнын элчилиги журналистке болгон кол салуу боюнча пикирин билдирди

Кыргызстандагы АКШнын элчилиги Factcheck.kg порталынын башкы редактору Болот Темировго болгон кол салууну айыптады.

«Массалык маалымат каражаттары кабарчылар коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болбой иштегенде гана эркин боло алышат. Дыкат иликтөө жүргүзүп, кол салгандарды убагында жоопкерчиликке тартуу Кыргыз Республикасы өзүнүн демократиялык баалуулуктарын сакталышын камсыз кылууда жана эркин, ачык прессаны коргоо салтын улантууда өтө чоң мааниге ээ», - деп билдирет аталган элчилик.

Эске салсак, күн мурун, 9-январда борбордун чок ортосунда Factcheck.kg порталынын башкы редактору, журналист Болот Темировго кол салуу болгон. Телефондон сырткары башка баалуу буюмдарга тийишкен эмес. Журналисттин баамында кол салуу аны коркутуп коюуу максатында болгон.