13.03.2020 09:00

Коронавирус: Илдет Европаны жапырт каптай баштады

Коронавирус: Илдет Европаны жапырт каптай баштады

Дүйнө жүзүндөгү дээрлик бардык өлкөлөрдүн бийлик органдары эл аралык каттамдарга чектөө киргизишти. Европада лидерлер элди топтошпоого үндөп жатышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 12-мартта 129 847 адам ооруга чалдыкканын, дээрлик 5000 киши вирустан көз жумганын маалымдады. Италияда ооруну жугузгандар 15 миңден ашты, миңден ашуун адам көз жумду. Иранда 10 миңден ашык адам ооруп, 429 киши өлдү. Түштүк Кореяда дээрлик 8000 адам вируска кабылса, 66 киши көз жумган. Испанияда 3000 адам оору жуктуруп, 84 киши өлгөн.

АКШнын ооруларды көзөмөлдөө борборунун өкүлү Роберт Редфилд Европаны «жаңы Кытай» деп атады. АКШ 12-марттан тартып Шенген зонасына кирген 26 өлкөнүн жарандарына бир айга чейин аймагына кирүүсүн чектеди. Евробиримдик бул чечимди "бир тараптуу, кеңешпестен кабыл алынды" деп сындады.

Францияда бардык мектеп, бала бакча жана окуу жайлары жабылды.
Орусияда 12-март күнү дагы алты кишиден вирус аныкталды. Өлкөдө жалпысынан 34 адам илдетке чалыккан.