14-май: Дагы 38 киши илдетти жуктуруп алды

14-май: Дагы 38 киши илдетти жуктуруп алды

Бүгүн, 14-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 38 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлайт.

  • Бишкек ш. – 14
  • Чуй облусу - 4, алардын ичинен 2 учур Соль-Илецктен келгендерден
  • Ош ш. - 1
  • Жалал-Абад облусу - 4
  • Нарынс обласу – 15

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.

  • Бишкек ш. – 5
  • Ош ш. – 1.

Белгилей кетсек, республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 247 учур катталды, алардын ичинен 192 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Жалпысынан республика боюнча илдетке чалдыккандардын саны 1082 киши болду. Ичинен 735 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.