Коронавирус дагы 25 кишиден табылды. Жалпы саны 656

Коронавирус дагы 25 кишиден табылды. Жалпы саны 656

Бүгүн, 24-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Бишкек ш. – 6
Чүй облусу – 4
Ош ш. – 3
Ош облусу - 3
Нарын облусу – 9

Жалпысынан өлкө боюнча коронавируска чалдыккан жарандардын саны 656 кишиге жетти. Алар менен дээрлик 2 548 киши байланышта болушкан. Учурда 914 киши обсервацияга алынган. Ал эми бейтапканада 326 адам жатат. Ичинен 5 жарандын абалы оор, реанимацияда.

Ошол эле маалда бул илдеттен 322 бейтап сакайып,ю үйлөрүнө чыгарылса, 8 киши оорудан көз жумган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.