17.01.2020 09:07

Журналист Болот Темиров кол салган балдардын бирөөсүн тааныды

Журналист Болот Темиров кол салган балдардын бирөөсүн тааныды

Белгисиз балдар тарабынан токмоктолгон журналист Болот Темиров кол салгандардын бирөөсүн тааныды. Бул тууралуу ал “Азаттык” үналгысына билдирген.

Маалыматка караганда, "FactCheck" порталынын редакторуна кол салган деген шек менен кармалган төрт кишинин ичинен бирөөнү тааныган.


“16-январда милицияга чакырып, шектүүлөрдү көрсөтүштү. Ичинен бирөөнү тааныдым. Калган үчөөнү кол салуу учурунда көргөн жок элем, тааный албадым”, - дейт Болот Темиров.

Эске салсак, Болот Темировго кол салуу учурунда анын телефонун тартып кетишкен. Бирок ал табыла элек.

Белгилей кетсек, журналист өзүнө кол салууну кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштыруудан жазбай турганын кошумчалаган.


Бул иш боюнча шектелип, 14-январь күнү төрт киши кармалган. Алар Жазык кодексинин «Адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо» беренеси боюнча айыпталып, камакка алынышкан.

«FactCheck» порталынын редактору Болот Темировго 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабак кетишкен. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда. Темиров бул кол салууну «FactCheck» порталы жарыялаган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын буюмдары жөнүндө иликтөөгө байланышы мүмкүн деп божомолдогон.