29.03.2019 13:48

Фарид Ниязов: Бул ишти саясий буюртма катары баалоого толук акым бар

Фарид Ниязов: Бул ишти саясий буюртма катары баалоого толук акым бар

Президенттин мурунку аппарат жетекчиси Фарид Ниязов ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге ачык кат жолдоду. Анда, бүгүн айрым ЖМКларда жарык көргөн Ниязовдун үстүнөн кайсы бир жаран милицияга арыз жазганы боюнча сөз болот.

Фарид Ниязовдун текстин толугу менен келтиребиз: 

«Урматтуу Кашкар Астаканович! Бул суроого расмий жооп беришиңизди суранам: 
Бизге келип жеткен маалыматка караганда, жаран Максат Чегирткеев милиция кызматкерлеринин демилгеси менен ИИМге жеткирилип, ал жактан ага 2010-жылдагы Апрель окуялары учурунда жабыркагандарды социалдык жактан коргоо мамлекеттик комиссиянын чечими менен бөлүнгөн 200 миң сомдой акчасын Фарид Ниязов тартып алыптыр деген имиштин үстүндө арыз жазууну сунуш кылышыптыр. 

Максат Чегирткеев (2010-жылы 7-апрелде оор жаракат алган) өзүнүн тааныштарына «Атамбаев тарабынан да жардам көрсөтүлгөн эмес, акчалай да жардам берилбеген. Эч кимиси менен байланышпайм. Ошол бийликте турган кеңешчиси Фарид Ниязов кызмат абалынан кыянаттык кылып, даарыланууга деген  акчаны майып баладан алып койгон. Мен бул окуядан кийин моралдык жактан да жабыркадым»  деп айткан маеги жарык көргөндөн кийин милиция кызматкерлери өздөрү аны издеп таап келишкенин айтып берген. 

Материал дароо эле Башкы тергөө башкармалыгына түшүп, тергөөчү  жогоруда аталган Мамлекеттик комиссияга тиешеси бар адамдарды суракка чакырып баштайт. 

Милиция кызматкерлери укук коргоочулардын ролун аткарып, адам укугу үчүн күрөшүп, интернетке жарыяланган макалалардын артынан түшүп жабыркагандарды өздөрү издеген учурду мен буга чейин уккан эмес элем. Бул тапшырма «жогорудан» келгенине ишенип эле турам. Андыктан, бул инцидентти саясий буюртма катары баалап, ИИМ кызматкерлерин аны аткарууга мажбурлашты деп эсептөөгө толук акым бар.

Мен ал кезде башкарып турган Мамлекеттик комиссия Чегирткеев үй-бүлөсү менен Сочиге барып ден соолугун чыңдап келүүгө короткусу келген  200 миң сомду кайра казынага кайтарып берген, демек, бул айыптоо - акылга сыйбаган нерсе. Мамлекеттик комиссия мүчөлөрү  ага Кыргызстандын аймагындагы санаторийлерде дарыланууну сунушташкан. 

Өз убагында Мамлекеттик комиссия Чегирткеевдин Кытайга барып операция жасатып келүүсү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине 4 миллион сомдон ашык акча бөлүп берген. Анткени, Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстан клиникаларында андай операцияны жасоого мүмкүн эмес дешкен. Кудайга шүгүр, операция ийгиликтүү өтүп, Максат бутуна турду. Биз аны Бишкекте сый-урмат менен тосуп алдык. Кубандык. Операцияга бөлүнгөн акчадан дал азыр сөз болуп жаткан 200 миңдей сом артып калган. Аны Максат акчалай колуна алууну, же үй-бүлөсү менен ошол акчанын эсебинен Сочиге барып эс алып келүүнү көздөгөн. Анын каалоосун аткарууга мүмкүн эмес эле, анткени, Мамлекеттик комиссия Кыргызстанда андай дарыланууга шарт болбогон учурда гана чет мамлекетке барууга акча бөлө алат. Ошондой эле, акча ага эмес, Саламаттыкты сактоо министрлигине бөлүнгөнүн эстен чыгарбоо керек.  

Экинчиден, ал маектин пайда болуусу да менимче, кокусунан эмес. Чегирткеев Эмилбек Каптагаевдин өкүл баласы. Ал бүгүн Атамбаевдин атына байланышкан нерсенин баарына каршы чыгып, сүйлөп жүрөт.  Бирок, Каптагаев бул ишти жакшы билгендиктен, Чегирткеевге мындай акылсыз кеңеш бермек эмес, маек берүү менен эле чектелебиз деп ойлогон. Мындай тапшырманы ИИМ башка адамдардан алды деген оюм бар.  

Урматтуу Кашкар Астаканович, Сиз бул бийликтин иш-аракеттеринин баарынын келечеги жок экенин мыкты  түшүнөсүз. Саясий буйрутманы аткарууга мажбурлап, ИИМ кызматкерлерин жаман ишке аралаштырбаңыз. Эртеби-кечпи эл бул окуяларга өз баасын берет, мындай иштердин баары укуктук жактан өз баасын алат жана учурда бул мыйзамсыз иштер менен алек болуп жаткан кызматкерлерге мыйзам боюнча жооп берүүгө туура келет».