Фарид Ниязов ээлеген кызматынан бошотулду

Фарид Ниязов ээлеген кызматынан бошотулду

Фарид Ниязов Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Ниязов Фарид Абилезимович ээлеген кызматынан берген арызынын негизинде бошотулду. 

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.