09.12.2019 11:35

Сокулук РИИБнын башчысы жол кырсыгына кабылып, кызматынан кетти

Сокулук РИИБнын башчысы жол кырсыгына кабылып, кызматынан кетти

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда болгон жол кырсыгы фактысы боюнча Сокулук РИИБнын башчысы ээлеген кызматынан четтетилди. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сокулук РИИБнын жетекчиси Максат Чойбековдун катышуусундагы жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүштүн материалын толук жана объективдүү иликтөө үчүн тиешелүү органга тапшырмалар берилди.

Эске салсак, 7-декабрда түнкү саат 04:00 чамасында Максат Чойбеков башкарган Mercedes-Benz үлгусүндөгү автоунаа Mercedes-Benz Sprinter жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Кесепетинде жүк ташуучу унаанын айдочусу К. С. Оор абалда Кант шаарынын ооруканасына жеткирилген.

Кырсык Бишкек – Торугарт автотрассасында Ысык-Ата районунда орун алган.

Окуяны ИИМ жетекчилиги тыкыр көзөмөлгө алды. Ички иликтөө кызматы тергөө жүргүзүүдө.

.