15.10.2019 12:06

Фарид Ниязов Кой-Таш окуясын иликтеген комиссияга бир катар суроолорду жолдоду

Фарид Ниязов Кой-Таш окуясын иликтеген комиссияга бир катар суроолорду жолдоду

Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси, учурда Кой-Таш окуясы боюнча «Жоокерлерди барымтага алуу» жана «Массалык башаламандыкка» айыпталып жаткан Фарид Ниязов  Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнө ачык кат жолдоду. Ал берилген суроолоруна алынган жооптор иликтөөнүн объективдүүлүгүнөн көз каранды деп эсептейт. 

Ал комиссия мүчөлөрүнө бир канча суроо узатып, жооп берүүнү сунуштады. Ачык кайрылуунун толук текстин келтиребиз:

«1. Массалык башаламандыкка жана анын кесепеттерине айыптоону УКМКнын мыйзамсыз жүргүзгөн атайын операциясынан бөлүп кароо мыйзамдуубу? Чындап келсек, жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жараткан дал ушул атайын операция болду. 

Мен билгенден, Башкы прокуратура дагы, УКМК, ИИМ дагы 7-августта А.Атамбаевдин үйүнүн короосуна экс-президент менен тынч жолугушууга келген жай жарандарга карата курал колдонуу менен жүргүзүлгөн атайын операцияны кайсы мыйзамга таянып өткөргөнүн айтып бере алган жок. Ал жакта террористтер жок болчу.

2. Атайын операциянын мыйзамсыз өткөнү жөнүндө жетиштүү негиз турса да, эмне үчүн ал операцияны жүргүзүү чечимин кабыл алган жооптуу адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартышпайт?

Атайын операция оор кесепеттерге алып келди, атайын отряддын кызматкери каза тапты, эгер ал операциянын мыйзамсыздыгы далилденсе, жооптуу адамдар өз жазасын алышы керек.  

3. «Альфа» атайын бөлүктүн кызматкерлерин ким куткарды?

4. «Альфа» атайын бөлүктүн кызматкерлерин ким жардамсыз, колдоосуз калтырды?

Атамбаевдин үйүнө куралдуу адамдар кол салып,  ал жердеги жарандарды аткылагандан кийин жергиликтүү тургундар А.Атамбаевдин үйүнө келишти.  Алар жаалданып алышкан болчу, А.Атамбаевдин тарапташтарынын аракети менен гана атайын отряддын кызматкерлерин мындан да жаман кесепеттерден сактап калууга мүмкүн болду.

Атамбаевдин тарапташтары дарыгерлерди жарадар болгон жоокерлерге киргизишти, ооруканага алып кетүүгө жардам беришти. Калган 6 спецназды эртеси эртең менен УКМКнын өкүлдөрү келип, коопсуз жерге чогултулуп коюлган куралдары менен кошо алып кетмек. Бирок УКМК өзүнүн адамдарын жиберген жок, мындан улам Атамбаевдин тарапташтары өздөрү калган спецназдарды жеткирип беришти. УКМК аларды жардамсыз калтырды.

5. Эмне үчүн экс-президенттин тарапташтары жаалданган элди тынчытып, 7-август күнү кечинде Бишкекке баруусуна жол беришкен жок? Бул учурда күч органдарынын ындыны өчүп турган кез эле.

Нааразы элдин саны аябай өскөн, бирок Атамбаевдин тарапташтары жана экс-президент өзү кан төгүүгө жол бергиси келбей, тынч диалогго умтулушкан. Өлкөдөгү тынчтык баарынан жогору.

6. Эмне үчүн Атамбаевдин тарапташтары эртең менен айтылгандай, саат 16:00дө Кой-Таштан Медиа Форумду көздөй түшүшкөн жок?

Алар спецназдарды жана алардын куралдарын алып кете турган УКМК өкүлдөрүн күтүшкөн. Алар куралдарды кароосуз калтырып кое алышкан жок жана бийлик «демонстранттар Бишкекке курал менен түшүп келатат» деп жар салышына жол бере алышмак эмес.

7. Эмне үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-августка караган түнү жасаган кайрылуусу тынч мүнөздө болгон жана бийликти терең ойлонуп, сүйлөшүүгө келүүгө чакырыкты камтыган? Экс-президент кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө аракеттенген.

Жарандык коом көтөрүп чыгып, бирок тиешелүү жооп алынбай калып жаткан дагы далай суроолор бар. Ачык катымда мен бул суроолордун арасынан өзүмдүн көз карашым бар айрымдарына гана токтолдум. Эгер керек болсо, Мамлекеттик комиссиянын отурумунда анын суроолоруна жооп бере алам».