29.03.2019 18:20

Фарид Ниязов Максат Чегирткеев тууралуу: Комиссия ал баланы өлүмдөн алып калган (видео)

Фарид Ниязов Максат Чегирткеев  тууралуу: Комиссия ал баланы өлүмдөн алып калган (видео)

«Мага илип койгон беренелери - акылга сыйбаган айыптоо. Кайдагы зыян тууралуу айтып жатышат? Ал бала ажалдан калып, азыр иштеп жүрөт», -деп билдирди Президенттин мурунку аппарат башчысы Фарид Ниязов «Апрель» телеканалынын кабарчыларына берген маегинде.

Анын айтымында, убагында Мамлекеттик комиссиянын Чегирткеевди дарылатууга 4 миллион сом бөлүү чечимин баары эле колдой берген эмес. «Мамлекеттик комиссия керек болсо, Максаттын өмүрүн сактап  калган. Азыр тактап көрсөм,  комиссия Максаттын Кытайда дарылануусуна 4 миллион сомго жакын акча бөлүп бериптир. Биз өз максатыбызга жеттик, ал айыкты, бутуна турду, келди, бул жактан үй-бүлө күттү, жадагалса иштеп жатат. Ага келтирилген кайсы зыян жөнүндө сөз болушу мүмкүн? Азыр эстеп көрсөм, бизге ошондо башка адамдар «мынча акчаны бөлүп берип эмне кыласыңар, ал бала баары бир өлөт, дарылаткандан пайда чыкпайт» дешкен. «Операция ийгиликсиз өтсө, мамлекеттик комиссияны 4 миллион сомду бекер коротту деп күнөөлөп чыккандар болот деп эскертишкен. Бирок, биз эч нерсеге карабай, акча бөлгөнбүз. Бактыга жараша, баары жакшы бүттү. Операция Кытайда ийгиликтүү жасалды, ал айыкты. Толугу менен айыкты деп айтууга болбойт, бирок ал жашап, иштеп жатат, үй-бүлөсү бар», -деп билдирди Ниязов. 

Ал эми, өзү алып койду деген 200 миң сом боюнча төмөнкүлөрдү билдирди: «Жанагы айтылып жаткан 200 миң сом Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебинде болгон, аны министрлик колдонбой үнөмдөп  калган. Аны Максат Сочидеги санаторийге барууга жумшайын деген окшойт, бирок биз Кытайда дарыланууга бөлүнгөн акчаны Россияга барып дарыланууга бөлө албайбыз. Болгондо да, санаторийге барууга. Ошондуктан, өкмөттөн жана Саламаттыкты сактоо министрлигинен эмне үчүн Сочиге жөнөтүп жатышканына жүйөө келтирүүнү сурап, ошондой эле, Ысык-Көлгө дарыланууга жиберүү вариантын караштырып көрүүнү сунуштаганбыз. Ошону менен иш токтоп калган. Мен анын Ысык-Көлгө барган-барбаганын билбейм, эсимде жок. Мен бардык эле жарадар болгондор сыяктуу эле Максатка да калыбына келтирүүчү дарылоо керек экенин билем. Бирок, ал үчүн сөзсүз эле Сочи, Мальдив аралдарына баруу зарыл деп эсептебейм. Биздин Кыргызстанда деле жакшы курорттор бар. Бул менимче, калыс да, туура да болот.  Кайра айта кетүүчү нерсе, бул чечимди мен жалгыз кабыл алган эмесмин, бүтүндөй  комиссия кабыл алган». 

Фарид Ниязовдун айтымында, КСДПнын 6-апрелге белгиленген съездинин алдында бул иштин болуп атышы анын буюртма экенинен кабар берет. 

«Эмнеге акылга сыйбас деп жатам? Мени Атамбаевдин тарапташы катары карашары түшүнүктүү эмеспи. Бир нече күн мурун биздин активисттер келип мага Максатты көрүшкөнүн, ага милициялар келип, ИИМге алып барып, арыз жаздырышканын айтып бергенин маалымдашты эле. Ал активисттер тирүү, бар адамдар, алардын баары Максатты көргөнүн, ортодогу сөздү тастыктап бере алышат. Мен муну партиянын съездинин алдындагы кысым көрсөтүү катары эсептейм. Мен Саясий кеңештин мүчөсүмүн, Атамбаевдин санаалашымын, андыктан, мени катардан чыгарыш керек деп ойлоп жатышат. Бирок, чындык биз тарапта. Укуктук жагынан алганда менин санаам - тынч. Мага илип койгон беренелери - абсурд. «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, адамга зыян келтирүү» деп жатышабы? Кайдагы зыян? Өлүм алдында турган бала бутуна туруп кетти, иштеп жатат. Кудай анын өмүрүн узун кылсын», -деди Фарид Ниязов.