21.12.2018 17:32

Фарид Ниязов президенттин шайлоодогу «кара касса» тууралуу билдирүүсүнө жооп берди

Фарид Ниязов президенттин  шайлоодогу  «кара касса» тууралуу билдирүүсүнө жооп берди

2017-жылдагы президенттикке ат салышууда Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов өлкө башчынын шайлоодогу «кара касса» тууралуу билдирүүсүнө жооп берди. Билдирүүнү КСДПнын маалымат кызматы таратты. Төмөндө толук текстти келтиребиз:

«Сооронбай Шарипович эмоция менен айтканы түшүнүктүү, анткени «кассанын» маселеси баары үчүн, анын ичинде мен үчүн да жагымсыз.  2017-жылы Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын жетекчиси болгонум чын, жашыра турган эч нерсе жок. Токтакунов чуулуу тизмени жарыялагандан кийинки билдирүүмдө мен болгону мага берилген ыйгарым укуктар боюнча үгүт кампаниясындагы шайлоо технологиялары жана жалпы координация үчүн жооп бергенимди белгилегем. Бул да чоң жумуш.  

Үгүт кампаниясынын каржысы жөнүндө айтсак, шайлоого негизги демөөрчүлөрдү ар дайым талапкерлер өздөрү таап келеринен эч ким деле шектенбесе керек. Өткөн жылы деле ушундай болгон. Өзүнүн кампаниясынын каражат жагын тейлөөгө Сооронбай Шарипович  башка адамды дайындаган. 

Эми, жоопкерчилик тууралуу айтсак. Кырдаалды изилдеп чыккан юристтердин айтымында, шайлоо жөнүндөгү мыйзамга былтыр киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бүгүнкү күнү шайлоо штабынын бир дагы жумушчусун же активистин иш жүзүндө кылмыш жоопкерчилигине тартканга болбойт. Болгону,  шайлоочуларды сатып алуу фактысы далилденсе, тартылышы мүмкүн. Башка шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн өткөрүү сыяктуу каржылык тартип бузуулар боюнча эч кимди жоопкерчиликке тарта алышпайт. Штабдын активисттерин дагы. 

Кылмыш жоопкерчилигине тартыш үчүн КР Кылмыш-жаза кодексинин 140-беренесине ылайык, тергөө мыйзам тарабынан белгиленген, шайлоого жумшалчу чыгымдар боюнча эң жогорку чектин ондон бир бөлүгүнөн ашып түшкөн каржылык мыйзам бузуулар болгонун далилдеп бериши керек.  Мисалы,   Жогорку Кеңешке шайлоодо эң жогорку чек - 500 млн. сом.  Ал эми, президенттик шайлоону алсак, былтыртан бери «максималдуу сумма» деген түшүнүк жок, башкача айтканда, президенттикке талапкердин шайлоо фондусунун өлчөмүнө чек жок, андыктан, кылмыш жоопкерчилигине тартуу да мүмкүн эмес. Мына ушундай кыйчалыш жагдай келип чыкканын бизге юристтер түшүндүрүп беришти. 

Эгер каржылык мыйзам бузуулар болгону шайлоонун жыйынтыгы чыкканга дейре далилденсе, талапкерди ат салышуудан четтетип коюуга мүмкүн болчу. Бир жыл өтүп кеткен соң, мыйзам бузуулар табылган күндө да кылмыш жоопкерчилиги тууралуу эч нерсе айта албайбыз, болгону президенттикке талапкердин жана анын негизги жардамчыларынын, анын ичинде менин дагы саясий жана моралдык жоопкерчилигим тууралуу гана сөз кылууга мүмкүн. Сооронбай Шарипович өзү деле маалымат жыйынында шайлоонун мыйзамдуулугуна күмөн жаралганын айтып өттү. Жана бул тема, президенттик шайлоонун жыйынтыгынын легитимдүүлүгү темасы, кыязы, ар дайым козголо берет окшойт».