26.09.2019 09:20

Фарид Ниязовго жубайы менен жолугушууга уруксат беришти

Фарид Ниязовго жубайы менен жолугушууга уруксат беришти

Президент аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовго жубайы менен жолугушууга уруксат беришти. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына таянып, 24.kg агенттиги билдирди. 

Маалыматка караганда, уруксатты ИИМдин тергөө кызматы берди. Мыйзам боюнча соттолгондор жакындары менен кыска жолугушууларга укуктуу.

Фарид Ниязовдун жубайынын арызын ИИМдин тергөөчүсү бир ай карады. Бул аралыкта Ниязов өзү жубайы менен кезиктирүүгө уруксат бербей жатканын айтып, акыйкатчыга да кайрылганы маалым болду. Жалпысынан Фарид Ниязов кармалуу шарттарынан нааразы эмес.

Эске салсак, Фарид Ниязовго расмий түрдө массалык башаламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алуу боюнча айып тагылууда.