28.09.2018 10:37

Фергана облусунун 123 жаштагы жашоочусу Гиннес китебине кирип калышы мүмкүн

Фергана облусунун 123 жаштагы жашоочусу Гиннес китебине кирип калышы мүмкүн

Өзбекстандын Фергана облусунун 123 жаштагы жашоочусу Хувайдо Умарова планетанын эң улгайган адамы болуп калышы мүмкүн, деп жазышат ЖМКлар.

Азыр пенсионердин туугандары аны Гиннес рекорддор китебине киргизүү үчүн документтерин даярдап жатышат. 

Эскерте кетсек, «Жердин эң кары жашоочусу» наамы 1901-жылы төрөлгөн япониялык Тии Мияко ушул жылдын июлунда 117 жаш курагында каза тапкандан кийин бошогон. 

Умарованын паспортуна караганда, ал 1895-жылы төрөлгөн. Бирок, 1999-жылдын 25-майында берилген паспортто туулган күнү менен айы көрсөтүлгөн эмес. 

Эгер Умарованын туугандары анын жашы канчага келгенин тастыктай алышса, ал ушул кезге чейин планетада жашап өткөн адамдардын арасынан эң улгайган адам катары таанылат. 

Азырынча бул наам 122 жаштагы француз айымы Жанне Луизе Кальманга таандык (1875-1997).