30.08.2018 13:18

Филармониядагы өрт. Музыкалык инструменттер жана костюмдар бөлмөсү күйүп жатат

Филармониядагы өрт. Музыкалык инструменттер жана костюмдар бөлмөсү күйүп жатат

Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясы дагы деле күйүп жатат. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы билдирди.

Өрт өчүрүүчүлөр имараттын чатырына чыгып, экинчи кабаттагы коюу түтүн чыккан бурчка жакын барууга аракет кылып жатышат. 

«Канча убакытта өчүрүшөт, билбейм, бирок, экинчи кабаттын бурчундагы бөлмөнүн ичиндеги нерсенин баары күйүп бүттү окшойт»,-дейт кабарчы. Ал бөлмөдө музыкалык инструменттер жана костюмдар болгону айтылат.