14.06.2019 16:32

Финансы министрлиги: салык жана бажыдан түшкөн акча азайды

Финансы министрлиги: салык жана бажыдан түшкөн акча азайды

Өлкөдө салык чогултуу планы аткарылбай жатат. Финансы министрлигинин айтымында, салыктар боюнча план 7%га төмөндөгөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу жыл жаңыргандан берки төрт айда салык бир миллиард сомго аз чогултулган. Тиешелүү ведомство топтолбой калган төлөмдөр боюнча жүйөлүү себептерди аташууда.

Ал эми кирешелери кескин азайган Бажы кызматы абалын түшүндүрүго шашыла элек.