04.05.2020 12:04

Үч айда чиновниктер иш сапарларына 122 млн сомдон ашык каражат короткон

Үч айда чиновниктер иш сапарларына 122 млн сомдон ашык каражат короткон

2020-жылдын I кварталдагы республикалык бюджеттин эсебинен мамлекеттик кызматкерлердин иш сапарларына 122 млн 578 миң 595 сом жумшалган. Бул тууралуу Борбордук казынага шилтеме кылып “Акчабар” порталы маалымдайт.  

Чыгашаныны басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 45 млн 823 миң 259 сом же 37.4% мейманкана үчүн жумшалган.

Мамлекеттик бюджеттин 2020-жылдын I кварталындагы жалпы кирешеси 30 млрд 367 млн 16.6 миң сомду түзгөнү белгиленет.