25.12.2018 09:15

Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасына сөгүш жарыяланды

Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасына сөгүш жарыяланды

Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалыматта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаевге сөгүш жарыялоо буйругуна премьер- министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгону жазылат.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Финансылык чалгындоо кызматы коммерциялык банктардан бардык кардарлары тууралуу маалыматты сураган. Серепчилер, юристтер, Экономика министрлиги жана Улуттук банк бул талапты мыйзамсыз деп баалашкан.