26.05.2020 15:25

Финпол Кубанчбек Жумалиевге таандык мүлктөрдү тапты

Финпол Кубанчбек Жумалиевге таандык мүлктөрдү тапты

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин жана анын жакындарынын мүлкүн текшерди.

Эске салсак, буга чейин  «Чон-Казат» кыймылынын лидерлери Жумалиевдин мыйзамсыз байыгана айыпташкан. Кыймылдын мүчөлөрү «Жумалиевдин үйүнө барып, байлыктарын тартып алууга» чакырыктарды таштаган болчу.

Эл өкүлү милицияга арыз менен кайрылган. Активисттердин билдирүүсү депутатка жана анын туугандарына жалпы өлчөмү 10 миллион сомдук моралдык чыгым келтирген деп доо койгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр аныкталган, анда Жумалиев уставдык капиталда үлүшкө ээ, ал уюштуруучу жана башкаруучу болуп эсептелгени ачыкталган.

«Мындан сырткары Жумалиевдин туугандарына таандык көптөгөн мүлктөр табылды», - деп айтылат маалыматта.

 

Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.