02.10.2018 18:12

Физика тармагындагы Нобель сыйлыгынын ээлери аныкталды

Физика тармагындагы Нобель сыйлыгынын ээлери аныкталды

Нобелдин физика боюнча 2018-жылкы сыйлыгы «лазердик физика тармагындагы жаңычыл ойлоп табуулары» үчүн  Артур Ашкин, Жерар Мур жана Донна Стриклендге ыйгарылмай болду. 

Нобель комитетинин маалыматында айтылгандай, бул көрүнүктүү ойлоп табуулар лазердик физикада төңкөрүш жасады. Эми өтө эле кичине объектилер менен көзгө илешпеген ылдамдыктагы процесстер жаңы түстө тартууланат.

Буга чейин иммунолог дарыгерлер – америкалык Жеймс Эллисон менен япониялык Тасуку Хонжо Нобель сыйлыгынын медицина жана физиология тармагы боюнча жеңүүчүлөрү болуп табылган. Аларга бул сыйлык ракты (өсмөнү) дарылоодогу жаңы ыкмасы үчүн ыйгарылган.

Башка тармактар боюнча 2018-жылдагы Нобель сыйлыгын тапшыруу да ушул жумада уланат. Эртең, 3-октябрда химия боюнча жеңүүчүсү белгилүү болот. Ал эми тынчтык сыйлыгы 5-октябрда жана экономика боюнча сыйлыгы 8-октябрда ыйгарылат. Нобелдин адабият боюнча сыйлыгы быйыл ыйгарылбайт.