09.05.2018 18:29

"Forbes" журналы Си Цзиньпинди дүйнөдөгү эң таасирлүү адам деп тапты

"Forbes" журналы Си Цзиньпинди дүйнөдөгү  эң таасирлүү адам деп тапты

Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзиньпин "Forbes" журналынын тандоосу боюнча эң таасирдүү инсан катары аныкталды. Бул тууралуу аталган журналдын сайты жарыялады.

Буга чейин 4 жыл катары менен биринчиликти бербей келаткан РФ президенти Владимир Путин бул ирет экинчи орунду ээледи.

АКШ президенти Дональд Трамп дагы бир позиция ылдыйлап, былтыр 2-орунда болсо, быйыл 3-орунда. 

 4-орунду Германиянын канцлери Ангела Меркел ээлесе, 5-сапта дүйнөдөгү эң бай адам атыккан  Жефф Безос турат. 

Ошондой эле алдыңкы орундарга илингендердин арасында Рим Папасы Франциск, "Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс, Сауд Арабиянын ханзаадасы Мухаммед ибн Салман Аль Сауд, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, "Google" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ларри Пейж жана башкалар бар.