24.01.2019 09:20

Футбол боюнча курама команда Мекенге кайтып келди (фото, видео)

Футбол боюнча курама команда Мекенге кайтып келди (фото, видео)

«Манас» эл аралык аэропортунда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын салтанаттуу тосуп алышты. Алар Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогунан кайтып келишти. 

Кыргызстандын тарыхында биздин футболчулар мындай деңгээлдеги таймашка биринчи ирет катышышты. Кыргызстандыктар плей-оффко чыгып, финалдын 1/8 бөлүгүндө ойногон менен, турнирди уюштурган тараптын командасына утулуп калышты.  

Бүгүн саат 15:00дө борбордук «Ала-Тоо» аянтында футболисттердин урматына концерт өтөт. 

Сүрөт: КРФФ жана Мамлекеттик спорт агенттиги