13.08.2018 09:00

Францияда каргалар таштанды чогултуп башташты

Францияда каргалар таштанды чогултуп башташты

Францияда Пюи-дю-Фу паркынын администрациясы алты каргага тарыхый коруктун аймагындагы  таштандыларды чогултууну үйрөттү. Бул туурасында New York Post билдирди. 

Каргалар тамекинин калдыгын жана майда таштандыларды чогулта алышат. Аларды атайын кутуга алып келип ташташканда, куту автоматтык түрдө канаттууларды аткарган иштери үчүн таттуулар менен сыйлайт. 

Парктын жетекчиси Николя де Вийер (Nicolas de Villiers) бул акциянын негизги максаты коноктордун көңүлүн  ачуу экенин билдирди. «Мында биздин максат паркты жыйноо эмес, анткени, бизге келгендер ансыз деле тазалыкты сактоого аракет кылышат», — деди ал. Паркта жашаган көп канаттуулар адамдардан чочулашпай, бат үйүр алышат.  

Пюи-дю-Фу тарыхый аттракциондордун паркы болуп эсептелинет. Жыл сайын аны көрүп кетүүгө эки миллиондон ашык турист келет. Ал Франциядагы париждик Диснейлендден кийинки эл көп келген экинчи парк.