23.01.2020 16:40

Франкфурт-на-Майне же Франкфурт жана Майне? Бир шаардын атын жаттай албаган спикерлер

Франкфурт-на-Майне же Франкфурт жана Майне? Бир шаардын атын жаттай албаган спикерлер

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин спикери Франкфурт-на-Майне деген шаардын атын туура атады деп сүйүнгүчөктү, анын орун басары ошол эле катаны кетирди.

Тагыраагы, вице-спикер Мирлан Бакиров Германия менен Кыргызстандын ортосундагы түзүлүп жаткан эң маанилүү келишим боюнча расмий документти окуп жатып, элге белгилүү болуп бүткөн Франкфурт-на-Майне деген шаардын атын ката окуп, Франкфурт жана Майне деп салды.

Эске салсак, буга чейин ушул эле катаны Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков бери дегенде эле эки жолу кетирген.