30.01.2020 12:12

Интернет жылдызына айланган спикер: Бул ирет атка мине албай койду

Интернет жылдызына айланган спикер: Бул ирет атка мине албай койду

Күн мурун, 29-январда социалдык тармактарга Жогорку Кеңештин спикери чагылдырылган тасма тарап кетти. Анда төрага Дастан Жумабеков көк-бөрү оюнуна катышуу алдында атка мине албай кыналып жатканын көрүүгө болот.

Бул видео-тасма боюнча Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу комментарий берип, түшүндүрмөсүн Facebook-баракчасына жазып чыккан.

«Бул видео 2019-жылдын 23-февралында тартылган. Анда Жогорку Кеңештин депутаттары менен журналисттер көк-бөрү оюнунда беттешкен. Социалдык тармактарга тараган видеодо спикер аттан улам кулап жаткандай кылып жасап коюшкан. Шайлоо алдында монтаждалган видеону биз тамаша катары кабыл алдык. Силер видеонун монтаждалбаган түрүн дагы көрсөңөр болот. Жашоодо аттан ким кана жыгылбайт», - дейт Ибраим Нуракун уулу.

Ибрагим Нуракун уулу спикердин атка минип жаткан жогоруда видеосунун монтаждалбаган вариантын дагы жүктөгөн. Анда Дастан Жумабеков ээрге кошулган үзөңгүнү пайдаланбай, башка бирөөнүн жардамы менен атка мине албай, кайра түшүп калганын көрүүгө болот.