04.10.2019 12:47

Франкфурт-Стамбул-Бишкек каттамы менен келатып, жоголуп кеткен Данияр кызы Айчүрөк изделүүдө

Франкфурт-Стамбул-Бишкек каттамы менен келатып, жоголуп кеткен Данияр кызы Айчүрөк изделүүдө

Франкфурт-Стамбул-Бишкек каттамы менен келатып, жоголуп кеткен Данияр кызы Айчүрөк изделүүдө. Бул тууралуу April.kg порталына кыздын атасы билдирди.

24 жаштагы Айчүрөк Данияр кызы ушул жылдын 1-октябрь күнү Франкфурттан Turkish Airlines компаниясынын TK1594 рейси менен учуп чыккан. Саат 23:10до Стамбул шаарына келген. Түрк убактысы боюнча 00:40та TK344 рейси менен Бишкекке учуп, 2-октябрь күнү саат 8:50дө аэропортко конмок. 

«Айчүрөк депрессия абалында жүргөн. Стамбулда паспорттук көзөмөлдөн өтпөптүр, ошол боюнча дайыны жок. Видео байкоодон сүрөтүн алдык, саат 23:20да ал дагы деле Стамбулдагы жаңы аэропортто жүрүптүр. Андан кийин эмне болгону, азыр каякта экени белгисиз», -дешет жакындары.

Айчүрөктүн ата-энесинин айтымында, алар кызын табууга жардам сурап, ТИМ, Түркия элчилигине, Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине кайрылышкан.

«Учурда Айчүрөктүн каякта экени боюнча эч кандай маалымат жок. Үчүнчү сутка кетип жатат. Эгер кандайдыр-бир маалымат билгендер болсо, чалууңуздарды суранабыз», -дешет жакындары.

Айчүрөктүн атасы Бекболсундун телефон номери: +996704444758