23.03.2018 18:04

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат алдында Россия жаңы каттоо эрежелерин киргизет

Май айынан баштап  25-июнга чейин Россиянын 11 шаарында жаңы каттоо эрежелери киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Куван Бекмуратов билдирди.

Бул чаралар футбол боюнча  дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүгө  байланыштуу. Мындай улам, бул убакыт аралыгында  Россияга барган чет элдик жарандар бир күн ичинде каттоого турушу керек.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде атайын штаб түзүлүп, алар чемпионат учурунда кыргызстандыктарга көмөк көрсөтүүгө даяр.