15.11.2019 09:00

Футбол күйөрмандарынан кийин эски аянттан таштанды чыккан жок

Футбол күйөрмандарынан кийин эски аянттан таштанды чыккан жок

Футбол күйөрмандары кеткенден кийин эски аянттан таштанды чыккан жок. Бул туурасында «Тазалык» ишканасынын кызматкери Жибек Каракеева Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Кечээ Бишкекте Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан футболчулары Япония менен ойногон. Оюнду көрүү үчүн билеттер эки күн мурда эле сатылып кеткен.  Андыктан стадионго батпай калган күйөрмандар үчүн эски аянтта атайын экран коюлары айтылып, ал жакта көрүүчүлөр топтолгон. 

«Күйөрмандар кеткенден кийин эски аянт таптаза боюнча калыптыр! Кичине гана шыпырып койдук.  Эч кандай таштанды калбаптыр», -деп жазды Жибек Каракеева.

Ал ошондой эле тазалыкты сактаганы үчүн күйөрмандарга ыраазычылык билдирди.